ЖАҢЫЛЫКТАР
12.02.2024. №5 БУЙРУК
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 23-сессиясынын өткөрүү убактысын жылдыруу жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин 13-февраль 2024-жылга белгиленген XXX чакырылышынын кезектеги 23–сессиясынын өткөрүү убактысын жылдыруу максатында
Буйрук кылам:
- Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин 13-февраль 2024-жылга белгиленген XXX чакырылышынын кезектеги 23–сессиясы, жүйөлүү себептерге байланыштуу, 2024-жылдын 21-февралынын саат 10-00 го жылдырылсын.
- Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттарына жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине кезектеги 23-сессиясынын өткөрүү убактысын жылдырылгандыгы тууралуу кабарлоо жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
- Буйрукту аткаруу жагы Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин аппарат жетекчиси Б. Дуйшебаевага жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: С.Кудайбердиев
11.01.2024 №2 БУЙРУК
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 33-беренесине жана Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин Регламентинин 22,23 – бөлүмүнө ылайык, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясын чакыруу максатында
Буйрук кылам:
- Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы 2024-жылдын 13-февраль күнү саат 10-00 го шаардык депутаттар Кенешинин кенешме залына чакырылсын.
- Сессиянын күн тартибине төмөнкү маселелер сунуш кылынсын:
- Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга түзүлүшү жана 2025-2026-жылдарга болжолу тууралуу.
- 2023-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардык мэриянын аткарган иштери жана 2023-жыл ичинде Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенеши тарабынан чыгарылган токтомдордун аткарылышы боюнча шаардык мэриянын отчету.
- 2023-жыл ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо шаардык салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча шаардык салык башкармалыгынын башчысынын маалыматы.
- «Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу «Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун отчету.
- Муниципалдык Менчик Департаментинин 2023-жыл ичинде аткарган иштери жана 2023-жылда ММД аркылуу өткөрүлгөн тендерлер боюнча Муниципалдык Менчик Департаментинин директорунун отчету.
- Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгынын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана насостук станциялардын абалы тууралуу маалыматы.
- Таш-Көмүр Каскад ГЭСтер ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы.
- Шаардын аймагындагы аймактык башкармалыктардын башчыларынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету. (Түндүк, Тынчтык, Мендигулов, Кызыл-Алма)
- Ар кандай
- Сессияга депутаттардан сырткары, укук коргоо органдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылсын.
- Буйрукту аткаруу жагы Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин жооптуу катчысы Б.Дүйшөбаевага жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар
Кенешинин төрагасы: С.Кудайбердиев
13.12.2023-жыл БУЙРУК
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын
кезексиз XXI сессиясын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 33-беренесине жана Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин Регламентинин 22,23,24 – главасына ылайык, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясын чакыруу максатында
Буйрук кылам:
- Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы 2023-жылдын 15 — декабрь күнү саат 10:00 го шаардык депутаттар Кеңешинин кеңешме залына чакырылсын.
- Сессиянын күн тартибине төмөнкү маселе сунуш кылынсын:
- Шаардык мэриянын 08.12.2023-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетине, Республикалык бюджеттен берилген трансферт акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө» №01-14/3871 кайрылуу каты жөнүндө.
- Шаардык мэриянын 29.11.2023-жылдагы «2024-жылга карата үлүштүк дем берүүчү гранттардын өздүк салымын бекитип берүү жөнүндө» №01-14/3772 кайрылуу каты жөнүндө.
- Таш-Көмүр шаары боюнча салык башкармалыгынын 14.11.2023-жылдагы «Калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү» тууралуу №04-6/1681 кайрылуу каты жөнүндө.
- Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин 30.03.2023-жылдагы кезексиз 14-сессиясынын №4-токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө.
- Шаардык мэриянын 30.10.2023-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасындагыгы Ленин көчөсүндөгү борбордук эс алуу багынын жер аянтынын ичинен, кичи футбол аянтчасы үчүн өзүнчө мамлекеттик акт алуу жөнүндө» №01-14/3436 кайрылуу каты жөнүндө.
- Ар кандай.
- Сессияга депутаттардан сырткары, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылсын.
- Буйрукту аткаруу жагы Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин жооптуу катчысы Б.Дүйшөбаевага жүктөлсүн.
Төрага: С.Т. Кудайбердиев
13.12.2023-жыл БУЙРУК
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын кезектүүлүгүн жылдыруу жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги 21–сессиясынын кезектүүлүгүн жылдыруу максатында
Буйрук кылам:
- Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги 21–сессиясы, 2023-жылдын 15-декабрына кезексиз 21-сессиясы чакырылып жаткандыгына байланыштуу, XXX чакырылышынын кезектеги 22–сессиясы деп кезектүүлүгү алмаштырылсын.
- Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттарына жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине кезектеги 21-сессиясынын кезектүүлүгү алмаштырылгандыгы тууралуу кабарлоо жагы шаардык Кенештин аппаратына жүктөлсүн.
- Буйрукту аткаруу жагы Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы Б. Дүйшебаевага жүктөлсүн.
Төрага: С.Кудайбердиев
21.11.2023-жыл БУЙРУК
«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясын чакыруу жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 33-беренесине жана Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин 23,24- бөлүмүнө ылайык, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясын чакыруу максатында
Буйрук кылам:
- Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы 2023-жылдын 21–декабрь күнү саат 10-00 го шаардык депутаттар Кенешинин кенешме залына чакырылсын.
- Сессиянын күн тартибине төмөнкү маселелер сунуш кылынсын:
- Шаардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө.
- «Таш-Көмүр жылуулук менен жабдуу» ишканасынын 2023-2024-жылда кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу маалыматы.
- «Таш-Көмүр РЭТ» ишканасынын 2023-2024-жылда кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу маалыматы.
- 2024-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча шаардык мэриянын программасы жөнүндө.
- 2024-жылга карата шаардык Кенештин иш планын бекитүү жөнүндө.
- Ар кандай.
- Сессияга депутаттардан сырткары, укук коргоо органдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылсын.
- Буйрукту аткаруу жагы Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин аппарат жетекчиси Б. Дүйшебаевага жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар
Кенешинин төрагасы: С.Кудайбердиев
21.11.2023-жыл БУЙРУК
Таш-Көмүр шаарынын, Шамалды-Сай жана
Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактарында
күз-кыш мезгилдерине карата көрүлгөн чаралардын
натыйжасы жана бүгүнкү күндөгү абалын
текшерип чыгуу боюнча депутаттык комиссиянын
курамын түзүү жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин 2023-жылдын IVкварталына карата бекитилген иш планына ылайык, Таш-Көмүр шаарынын, Шамалды-Сай жана Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактарында күз-кыш мезгилдерине карата көүлгөн чаралардын натыйжасы жана бүгүнкү күндөгү абалын текшерип чыгып, кезектеги сессияга даярдоо максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
- Таш-Көмүр шаарынын, Шамалды-Сай жана Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактарында күз-кыш мезгилдерине карата көрүлгөн чаралардын натыйжасы жана бүгүнкү күндөгү абалын текшерип чыгып, кезектеги сессияга даярдоо боюнча төмөндөгү комиссиянын курамы түзүлсүн:
1. Кыдыралиев Ж.Дж. – депутат, комиссиянын төрагасы;
- Чолпонкулова Г.Ж — депутат, комиссиянын катчысы;
- Сыдыков К.Б. -депутат, комиссиянын мүчөсү;
- Отунчиев Т.А. -депутат, комиссиянын мүчөсү;
- Курманкулова Ж.Т. -депутат, комиссиянын мүчөсү;
- Шоруков А.А. -депутат, комиссиянын мүчөсү;
- Овазбеков А.О. -депутат, комиссиянын мүчөсү;
- Садыров Д.М. -депутат, комиссиянын мүчөсү;
- Ажыканов Ж.А. -депутат, комиссиянын мүчөсү;
- Намасбеков С.Н. -депутат, комиссиянын мүчөсү;
- Султаналиев Ж. -депутат, комиссиянын мүчөсү;
- Абдумомунов Н.О. -депутат, комиссиянын мүчөсү;
- Абидова Ж.О. -депутат, комиссиянын мүчөсү;
- Акбаралиев М.А. -шаардык мэриянын башкы адиси:
- Текшерүүнүн жыйынтыгы туруктуу комиссиянын отурумунда талкууланып, шаардык Кенештин кезектеги 21-cессиясына чыгарылсын.
- Буйруктун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депутаттар Кенешинин жооптуу катчысы Б. Дүйшебаевага жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар
Кеңешинин төрагасы: С.Кудайбердиев
ЭЛДИК КУРУЛТАЙ 2023